«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 11-марттагы жыйында «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Маалымат менен Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев тааныштырды.
Мыйзам долбоору спорттун адаптациялык түрлөрү менен машыккан, анын ичинде угуусу начар адамдар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Ошондой эле республикалык федерациялар менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу жоболорду, спортсмендердин эмгек стажын эсепке алуу боюнча нормаларды мыйзам долбооруна киргизүү каралган. Мындан тышкары массалык спорттук иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин кабыл алуу да сунушталууда.
Талкуу маалында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдоп, бир катар сунуш-пикирлерин беришти.
Алсак, депутат Дастан Жумабеков олимпиадалык эмес спорт түрлөрүн өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, машыктыруучулар арасында сый акыларды адилеттүү бөлүштүрүүнү, анын ичинде биринчи машыктыруучуга өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Депутат Дастан Бекешев кесипкөй спортчуларга гана маани бербестен, мектеп окуучуларын, студенттерди жана улуу муундагыларды дагы спортко кызыктырып, ири мелдештерди өткөрүп туруу зарылдыгын билдирди.
Депутат Уланбек Жаанбаев аймактарда спорттук объектилерди курууга демөөрчүлүк кылган жеке ишкерлерге салыктык жеңилдиктерди берүүгө чакырды. Депутат Жаныбек Аматов спортчулардын эмгек стажын эсептөө, пенсияга чыгаруу жана жаракат алып калган спортчуларды медициналык жактан камсыздандыруу сыяктуу маселелерди көтөрдү. Депутат Талайбек Масабиров спортчулардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, спорттук реабилитациялык борборлорду көбөйтүүнү сунуштады. Эл өкүлү ошондой эле саламаттык сактоо министрлиги менен иш алып барып, ар облусту жеткиликтүү санда спорт дарыгерлери менен камсыздоо зарылдыгына да көңүл бурду.
Депутат Бекмурза Эргешов өлкө ичиндеги мелдештерге катышуу үчүн төлөнгөн суткалык жана жатакана чыгымдарынын өлчөмүн көбөйтүү керектигин айтты. Депутат Болотбек Борбиев аймактарда демөөрчүлөр тарабынан курулган спорттук объектилер колдонууга берилгенден кийин кароосуз калып жатканын билдирип, аларды баланска алуу менен шарттарын көзөмөлдөп турууну сунуштады. Ал эми депутат Айбек Алтынбеков спорт тармагына бөлүнгөн каражаттар жана аймактардагы машыктыруучулардын айлык маянасына байланышкан маселелерге токтолду.
