Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти
15 апрель

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти.

Бишкекте бүгүн, 15-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин 2026-жылкы кезектеги конгрессинин жыйыны өтүүдө. Ага Камчыбек Ташиве катышууда.

Кайрылуусунун негизги бөлүгүн Ташиев өлкөдө футболду өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирүүгө арнады.

«Буга чейин мен кайрадан президенттик кызматка талапкерлигимди коюуну каалагам, бирок арызымды кайтарып алам. Мен өз миссиямды аткардым. Кетээр алдында айта кетким келет: Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине футболду сүйгөн адам келиши керек. Ар ким өзү сүйгөн иш менен алектениши зарыл. Мен футболдо калам», – деди Ташиев конгресстин катышуучуларына кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп 2024-жылдын 19-февралында өткөн кезексиз конгрессте шайланган.