Кыргызстандык спортчулар ок атуу боюнча Азия чемпионатында эки коло медалга ээ болду
16-августтан тарта 28-августка чейинки аралыкта Казакстандын Шымкент шаарында ок атуу боюнча 16-Азия чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке 29 мамлекеттен жалпы 756 спортчу катышууда.
Аталган мелдеште Кыргызстандын курама командасы ПП-60 (тапанча), ВП-60 (мылтык) жана МВ-60 (мылтык) атуу түрлөрүндө жакшы жыйынтык көрсөттү.
Жуптар арасындагы таймаштарда тапанча атуу боюнча Анвар Ибраимов менен Кайыргүл Кубанычбекова коло медалга ээ болду.
Мылтык атуу мелдешинде Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташова коло медаль алды.
