КФБнын калыстары англис тили боюнча деңгээлин аныктоочу тесттен өттү
17 июль

КФБнын калыстары англис тили боюнча деңгээлин аныктоочу тесттен өттү

Кыргыз футбол биримдигинин калыстар корпусунун 17 өкүлү англис тили боюнча билим деңгээлин аныктоочу тестирлөөгө катышты.  Алардын катарында FIFAнын 14 учурдагы калысы жана калыстын жардамчысы, ошондой эле АФКнын Калыстар академиясына тапшырууга талапкер болгон 3 калыс бар.

Тестирлөө англис тилинин грамматикасы боюнча тапшырмаларды, текстти түшүнүү жана талдоо бөлүгүн, ошондой эле окутуучу менен жекече маектешүүнү камтыды. Маектешүүнүн жүрүшүндө катышуучулардын сүйлөө деңгээли жана англис тилиндеги коммуникациялык көндүмдөрү бааланды.

Эл аралык деңгээлдеги футбол калыстары үчүн англис тилин билүү милдеттүү кесиптик талаптардын бири болуп саналат. FIFA жана АФК тарабынан уюштурулган семинарлар, окуулар, тестирлөөлөр, оюн эпизоддорун талдоо жана эл аралык мелдештерде расмий адамдар менен өз ара байланыш англис тилинде жүргүзүлөт.

Бүгүнкү тестирлөөнүн жыйынтыгы Кыргыз футбол биримдиги тарабынан талапкерлерди АФКнын Калыстар академиясына жөнөтүү жана кийинки жылга FIFAнын эл аралык калыстар тизмесине сунушталуучу калыстарды аныктоо боюнча чечим кабыл алууда негизги көрсөткүчтөрдүн бири болот.