Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча чемпионаты башталды
27 февраль

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча чемпионаты башталды

Бүгүн, 27-февралда Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын манежинде Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча эркектер жана кыз- келиндер арасындагы чемпионаттын биринчи күнү старт алды.

Иш-чаранын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев катышты.

Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген 18 жаштан өйдө спортчулар катышып, мелдештер 60 м, 200 м, 400 м, 800 м, 1500 м, 3000 м аралыкта чуркоо түрлөрү боюнча өткөрүлүп жатат.

Мелдештин негизги максаты- Кыргызстанда жеңил атлетиканы өнүктүрүү, спортсмендердин чеберчилик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык мелдештерге даярдоо.