“Лыжа туризминин инструктору” кесиптик стандартынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №77 токтому менен бекитилген Кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу методологиясына ылайык, “Лыжа туризми боюнча инструктор” кесиптик стандартынын долбоорун коомдук талкууга алып чыгат.
Кесиптик стандарттын долбоору менен кызыкдар мамлекеттик органдар, мекемелер, тармактык адистер, иш берүүчүлөр жана бардык кызыкдар тараптар таанышып, белгиленген тартипте өздөрүнүн сунуш-пикирлерин бере алышат.
Аталган кесиптик стандарт лыжа туризми боюнча инструкторлорго карата бирдиктүү квалификациялык талаптарды белгилөө, окутуунун сапатын жогорулатуу жана тоо-лыжа курортторундагы коопсуздукту камсыздоо максатында иштелип чыкты.
Документте инструкторлордун ар бир квалификациялык деңгээлине коюлган талаптар, эмгек функциялары, кызматтык милдеттери, кесиптик билимдери жана көндүмдөрү аныкталат. Ошондой эле адистерди даярдоо, аттестациялоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ачык-айкын системаны түзүүгө, иш берүүчүлөр үчүн кызматкерлерди тандоодо жана алардын кесиптик деңгээлин баалоодо бирдиктүү критерийлерди киргизүүгө багытталган.
Мындан тышкары, кесиптик стандарт улуттук кадрларды даярдоо системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзүп, кыргызстандык инструкторлордун квалификациясынын эл аралык деңгээлде таанылышына мүмкүнчүлүк берет.
Бул өз кезегинде туристтик жана спорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, өлкөнүн тоо-лыжа курортторуна келген туристтердин ишенимин арттырууга жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Кесиптик стандарт ошондой эле билим берүү программаларын иштеп чыгууда, адистердин квалификациясын көз карандысыз баалоодо, квалификациялык деңгээлдерди ыйгарууда жана кышкы спорт түрлөрү менен тоо туризми тармагында кадрларды даярдоонун тармактык системасын калыптандырууда негизги документ болуп кызмат кылат.
Белгилей кетсек, лыжа туризми боюнча инструктор тоо-лыжа базаларында жөн гана лыжа тебүүнү үйрөткөн адис эмес. Ал коноктордун коопсуздугун камсыздап, эс алуучулардын даярдык деңгээлин баалап, коопсуз жүрүм-турум эрежелерин үйрөтөт жана мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алат. Ошондой эле балдарга жана чоңдорго заманбап окутуу усулдарынын негизинде жеке жана топтук машыгууларды өткөрүп, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга салым кошот.
Квалификациялуу инструкторлордун болушу Кыргызстандын тоо-лыжа базаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүп, чет өлкөлүк туристтерди тартууга, кышкы спорттун массалык өнүгүшүнө жана келечектеги спортчуларды даярдоого өбөлгө түзөт.
