Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтүүдө
Бишкек шаарында бүгүн, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.
Ири майрамдык программа жаңы «Бишкек Арена» стадионунда уюштурулат. Эл аралык масштабдагы иш-чарага мамлекет башчылары, расмий делегациялар, спортчулар жана чет өлкөлөрдөн келген көптөгөн коноктор катышат.
Ошондой эле борбор калаада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата шаар тургундары жана коноктору үчүн фан-зоналар иштей баштады.
Фан-зоналар шаардын төрт районунда уюштурулду. Бул жерлерде оюндардын салтанаттуу ачылыш аземинин түз эфирдеги көрсөтүүсүн көрүүгө, улуттук оюндарга арналган интерактивдүү иш-чараларга катышууга, этно- жана фотозоналарга барууга, ошондой эле маданий жана концерттик программаларга күбө болууга болот. Мындан тышкары, коноктор үчүн фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулган.
Фан-зоналар төмөнкү даректерде иштейт:
Ала-Тоо аянты — башкы фан-зона;
Тунгуч кичи районундагы «Тунгуч-1» сквери;
«Ынтымак-2» паркындагы амфитеатр;
Фучик атындагы парк;
Ак-Өргө конушундагы «Ашар» паркы;
Жал кичи районундагы «Муун» сквери;
Ч. Түлөбердиев атындагы парк;
Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсү, 52 дарегиндеги сквер;
Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорт комплекси;
Чыгыш-5 кичи району, 1А дарегиндеги №66 орто мектеп;
Энесай көчөсү, 1 дарегиндеги №21 орто мектеп.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чараларга активдүү катышып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын бирге колдоого чакырат.
