Жалал-Абадда стол тенниси боюнча республикалык чемпионат өттү
Ушул жылдын 8-13-апрель күндөрү Манас шаарында (Жалал-Абад облусу) стол тенниси боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдештерге жалпы өлкөнү бардык аймактрынан келген 128 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Командалык эсеп (кыз-келиндер):
- 1 орун – Бишкек;
- 2 орун – Ош;
- 3 орун – Чүй облусу, Ысык-Көл облусу.
Командалык эсеп (эркектер):
- 1 орун – Бишкек;
- 2 орун – Жалал-Абад облусу;
- 3 орун – Ош, Нарын облусу.
Жеке эсеп (кыз-келиндер):
- 1 орун – Саида Кудусова;
- 2 орун – Рамида Абдимиталипова;
- 3 орун – Аяна Уланбекова , Раяна Мураталиева.
Жеке эсеп (эркектер):
- 1 орун – Азамат Эргешов;
- 2 орун – Тилек Молдалиев;
- 3 орун – Талгат Сагындыков, Марлен Алимкулов.
Мелдештер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.
