Сүрөт ачык булактардан алынды
5 октябрь
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ливанды 3:1 эсебинде жеңди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Ливандын командасын 3:1 эсебинде жеңди.
Оюндун 19-мүнөтүндө Кыргызстандын жарым коргоочусу Одилжон Абдурахманов эсепти ачты.
31-мүнөттө Алимардон Шукуров экинчи голду киргизип, команданын артыкчылыгын эки голго жеткирди — 2:0.
Экинчи таймдын 62-мүнөтүндө Ливандын оюнчусу Педро Будиб бир гол киргизип, айырманы кыскартты. Бирок эки мүнөттөн кийин Алимардон Шукуров кайрадан гол киргизип, дубль жасады. Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.
Эске салсак, 28-сентябрда Кыргызстандын курама командасы Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде жеңген. Ал эми Ливан 1-октябрда Мальдив аралдарын 6:0 эсебинде уткан.
ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 106-орунда, Ливан 115-орунда турат.
