Төраганын орун басары Болот Ибрагимов баштаган депутаттар эл аралык бокс кечесине катышып, анда Төраганын куру үчүн беттеш өттү
Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» спорттук комплексинде эл аралык профессионалдык бокс кечеси өтүп, ага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов баштаган депутаттар катышты.
Иш-чаранын ардактуу коноктору катары дүйнөлүк бокстун легендалары, абсолюттук дүйнө чемпиону Эвандер Холифилд жана Олимпиада чемпиону Александр Поветкин келишти. Кыргызстандын профессионалдык бокс тарыхындагы эң ири эл аралык мелдештердин бири болуп саналган турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Таиланд жана Кубанын мушкерлери катышты.
Кеченин алкагында кыргызстандык Ыктыяр Нышанов россиялык Михаил Тарханов менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын атайын куру үчүн күч сынашса, Акжол Сулайманбек уулу Таиланддын тажрыйбалуу мушкери Пайом Кампи менен Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын чемпиондук куру үчүн беттешти.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары турнир өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ экенин баса белгилеп:
«Бүгүн биз Кыргызстан үчүн маанилүү болгон дагы бир тарыхый окуяга күбө болуп турабыз. Эл аралык деңгээлдеги мындай ири спорттук мелдештер өлкөбүздүн дүйнөлүк спорт мейкиндигиндеги ордун бекемдеп, Кыргызстанды спортту сүйгөн, дени сак жашоону колдогон мамлекет катары таанытууга чоң өбөлгө түзөт», – деди.
Муну менен катар акыркы жылдары өлкөдө спорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Болот Ибрагимов:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгелери менен жаңы спорттук комплекстер курулуп, эл аралык деңгээлдеги мелдештер өткөрүлүп, жаш спортчуларды колдоого багытталган мамлекеттик саясат ырааттуу ишке ашып жатат. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш дагы бул багыттагы мыйзамдык демилгелерди ар дайым колдоп келет», – деп кошумчалады.
Ошондой эле Төраганын орун басары дүйнөлүк бокстун белгилүү өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши өлкө үчүн чоң сыймык экенин айтып, кыргыз мушкерлеринин эл аралык аренадагы ийгиликтерине да токтолду.
