КРнын эркин күрөш боюнча улуттук курамасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди
18 сентябрь

КРнын эркин күрөш боюнча улуттук курамасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Бүгүн, 18-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Кыргызстанга кайтып келди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, ошондой эле спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Эске салсак, дүйнө чемпионаты 13-сентябрда Загреб шаарында эркин күрөш боюнча мелдештер менен башталган. 57 кг салмак категориясында күч сынашкан Бекзат Алмаз уулу экинчи орунду алып, күмүш байгеге, 70 кг чейинки салмак категориясында күрөшкөн Эрназар Акматалиев коло медалга ээ болду.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын улуттук курама командасы төмөнкү машыктыруучулардын жетекчилиги алдында катышты.

  • Азат Мирахимов – башкы машыктыруучу;
  • Эламан Догдурбек уулу – улук машыктыруучу;
  • Ильгиз Жакыпбеков – жаштар курама командасынын (U23) улук машыктыруучусу.