Бүгүн Албаниядагы рейтингдик турнирде Кыргызстандан беш балбан күч сынашат
Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча эл аралык рейтингдик “MUHAMET MALO 2026” турнири уланууда.
Мелдештин үчүнчү күнүндө, 27-февралда, килемге Кыргызстандын атынан беш спортчу чыгат — алардын экөө кыз-келиндер күрөшү боюнча, үчөө грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.
Кыз-келиндер күрөшүндө өлкө намысын төмөнкү спортсмендер коргойт:
- Гүльнур Таштанбекова (65 кг чейин);
- Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин).
Грек-рим күрөшү боюнча:
- Илгиз Каныбеков (77 кг чейин);
- Асан Жанышов (87 кг чейин);
- Азат Салидинов (87 кг чейин).
Бул күнү кыз-келиндер 59, 62, 65 жана 68 кг чейинки салмак чен бирдигинде байгелерди талашса, грек-рим күрөшүнүн балбандары 77 жана 87 кг чейинки салмактарда күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.
