KFU Football Awards 2025: жыл мыктылары аныкталды
Бүгүн, 2025-жылдын 19-декабрында борбор калаанын «Шератон» мейманканасында KFU Football Awards 2025 – жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларды сыйлоо аземи өттү.
Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын өтүүчү, индивидуалдуу сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу кечесине КФБФнын Президенти Камчыбек Ташиев жана футбол үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү катышты.
Аземдин алкагында төмөндөгү номинациялар боюнча жылдын мыктылары аныкталды:
«Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу 2025» – Эржан Токотаев, 170 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын футзал боюнча мыкты оюнчусу 2025» – Шохрух Махмадаминов, 90 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу 2025» – Нагима Туралиева, 90 миң сом;
«Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын мыкты жаш оюнчусу 2025» – Кими Мерк, 90 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын футбол боюнча мыкты машыктыруучусу 2025» – Эдмар Ласерда, 170 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын футзал боюнча мыкты машыктыруучусу 2025» – Луис Бернат Молина, 70 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу 2025» – Антонио Меса, 70 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын футбол боюнча мыкты калысы 2025» – Эрланбек Осмонов, 50 миң сом;
«Кыргыз Республикасынын футзал боюнча мыкты калысы 2025» – Нурбек Арстанбек уулу, 50 миң сом;
Мыкты футбол клубу 2025 – “Барс” футболдук клубу, 50 миң сом;
Мыкты регионалдык уюм – Чүй облусунун футбол ассоциациясы, 50 миң сом;
Мыкты спорттук уюм – Мурас окуу-машыгуу базасы, 50 миң сом;
Белгилей кетсек, наамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин «2025–2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык бир миллион сом өлчөмүндөгү атайын сыйлыктар тапшырылды.
