Бишкекте дзюдо боюнча ачык машыгуу өттү
Бишкекте 11-сентябрда спорттун күжүрмөн түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде дзюдо боюнча ачык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Машыгуу иш-чарасы СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Игорь Завражныйдын жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Ачык тренингге бардык каалоочулар катышты. Спортчуларга ыргытуу, кармап туруу, оорутуу жана муунтуу ыкмалары көрсөтүлдү.