Илбирс – Кыргыз Республикасынын 2025-жылкы чемпиону
2-ноябрда Кыргыз Республикасынын футбол боюнча айымдар арасындагы чемпионаты жыйынтыкталды.
Акыркы оюн күнүндө эки беттеш орун алды. Үчүнчү орун үчүн А. Момунов атындагы футбол академиясы (Ош) жана Юность (Майлуу-Суу) командалары ат салышты. Оюн тең чыгуу менен аяктап, «Юность» командасы чемпионаттын коло медалына ээ болду.
Экинчи беттеште “Илбирс”жана “Азиягол-СИ” күч сынашып, жеңиш коноктордун пайдасына чечилди.
Белгилей кетсек, Илбирстин оюнчулары сезон бою ийгиликтүү оюндардын натыйжасынба, мелдештин аякташына бир тур калганда өлкө чемпиондугун багындырышты.
Жыйынтык боюнча байгелүү орундарды ээлеген командалар:
1 – «Илбирс» (Бишкек ш.)
2 – «Азиягол-СИ» (Бишкек ш.)
3 – «Юность» (Майлуу-Суу ш.)
