Ош шаарында АФКнын «B» категориясындагы машыктыруучулар курсу старт алды
Ош шаарында АФКнын «B» категориясындагы машыктыруучулар курсу расмий түрдө старт алды. Окутуу үч айга созулуп, үч модулдан турат.
Биринчи модуль заманбап футболдун негизги аспектилерин камтыйт. Анын алкагында чабуул жүргүзүүнүн түрлөрү, команданы башкаруу ыкмалары, беттештерди талдоо жана башка бир катар маанилүү темалар каралат. Сабактар теориялык жана практикалык форматта өткөрүлөт.
«B» категориясындагы машыктуруучулар лицензия алуу боюнча окутуу үч модулду камтыйт. Акыркы модуль келерки жылдын февраль айына пландалган. Экзамендик тесттерди ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга АФКнын «B» категориясындагы машыктыруучулук лицензиялары ыйгарылат.
Бул лицензиянын ээлери 14төн 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар командаларында башкы машыктыруучу болуп иштөөгө укук алышат, ошондой эле келечекте жогорку деңгээлдеги «A» категориясындагы лицензия алуу үчүн окууну уланта алышат.
Курстун инструкторлору Валерий Березовский жана Алмазбек Мирзалиев. Окутууга жалпы 24 угуучу катышууда.
