Төрага Марлен Маматалиев сумо балбаны Хакухо Сё менен жолугушту
Жогорку Кеңеш
30 август

Төрага Марлен Маматалиев сумо балбаны Хакухо Сё менен жолугушту

Бүгүн, 30-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сумо күрөшүнүн легендарлуу балбаны, 69-йокодзуна Хакухо Сё менен жолугушту.

Жолугушууда спорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстанда сумо күрөшүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Төрага Хакухо Сёнун дүйнөлүк спорттогу жетишкендиктерин жогору баалап, анын тажрыйбасы жаш спортчулар үчүн чоң үлгү экенин белгиледи.

«Кыргызстанда спортту өнүктүрүү – маанилүү багыттардын бири. Сиздин бай тажрыйбаңыз өлкөбүздө сумо күрөшүн өнүктүрүүгө жана жаш спортчуларды тарбиялоого чоң салым кошот деп ишенем», – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле төрага Хакухо Сёнун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий элчиси болушу Оюндарды дүйнөгө таанытууга жана көчмөн маданиятын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Хакухо Сё жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, топтогон тажрыйбасын башка өлкөлөрдүн спортчулары менен бөлүшүүгө кызыкдар экенин айтты.

«Мен сумо тармагында жыйырма жылдан ашык эмгектендим, анын он төрт жылында ёкодзуна болдум. Бул жылдар аралыгында алган билимимди, топтогон тажрыйбамды дүйнө жүзүндөгү элдер менен бөлүшкүм келет», – деди Хакухо Сё.