Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту
9 ноябрь

Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту

Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кубок 2-8-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында Ош шаарынан 13 спортчу катышып, алардын ичинен 4 спортчу алтын медаль, 3 спортчу күмүш медаль дагы 2 спортчу коло медаль тагынышты.

Мындан тышкары, үч спортчу курама командасынын курамында командалык спаррингдерде 2-орунду ээлешти.

Чемпионатка жалпы жонунан 34 өлкөдөн 1200гө жакын спортчу катышкан.

Мелдештер ар кандай категориялар жана спаррингдер боюнча өткөрүлдү.

Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Ош шаарынан медаль жеңип алган спортчулар:

  • ► 1-орун
  • Азимов Адиль (35 кг чейин, 10-11 жаш);
  • Карашев Кудайназар (50 кг чейин, 12-13 жаш);
  • Муйдинов Ясин (35 кг чейин, 12-13 жаш);
  • Калибекова Каныкей (46 кг чейин, 16-17 жаш);

►2-орун

  • Эрмаматов Умарали (45 кг чейин, 12-13 жаш);
  • Джамалова Сафина (38+ кг, 8-9 жаш);
  • Курманбекова Нагима (55 кг чейин, 14-15 жаш);

►3-орун

  • Тургуналиева Аймина (46 кг чейин, 16-17 жаш);
  • Абдисаламов Алихан (40 кг чейин, 12-13 жаш).

Командалык спаррингдерде:

►2-орун

  • Базанова Медина жанаТургуналиева Аймина (16-17 жаш);
  • Карашев Кудайназар (12-13 жаш).

Аталган Кубокто Ош шаарынын машыктыруучусу Фаррух Садыков калыстык кылды.