Ырчы Бактыгүл Бадыева ММА федерациясынын вице-президенти болду
Сүрөт ачык булактардан алынды
22 сентябрь

Ырчы Бактыгүл Бадыева ММА федерациясынын вице-президенти болду

Ырчы Бактыгүл Бадыева Кыргызстандын грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ММА ассоциациясынын башкы катчысы Эмил Токтогонов билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү чечим 20-сентябрда кабыл алынган.

Сыйлоо аземине UFC чемпиону Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов катышты.

Бактыгүл Бадыева көп жылдан бери аралаш мушташ өнөрү федерациясы менен байланышта. Ал 2008-жылдан бери Валетудо жана ММА федерациясынын ардактуу мүчөсү болуп саналат.