Бишкекте  кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана биринчилиги өтүүдө
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
2 апрель

Бишкекте кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана биринчилиги өтүүдө

Бишкекте 1-апрелде  Кыргызстандын кол күрөш боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы биринчилиги жана чондор арасындагы чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Салтанаттуу ачылыш аземге Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев катышты.

Мелдешке жети дубандан келген жалпы 400дон ашык спортчу күч сынашып, жеңүүчүлөр Азия чемпионатына жана дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мелдештер “Газпром” дене тарбия- ден соолукту чындоо комплексинде өтүп, 3-апрелге чейин уланат.