Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) катары менен үчүнчү жеңишке жетти
Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) Бишкек шаарында өтүп жаткан үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) дүйнө чемпионатында ишенимдүү оюн көрсөтүүнү улантууда.
21-январда турнирдин үчүнчү айлампасынын алкагында Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасы менен беттешип, 15:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Биринчи бөлүктө 8:0 эсебинде алдыга чыкты.
Бул беттеште Алихан Али-Аскаров төрт шайба, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба киргизүү менен айырмаланды.
Үч айлампанын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээледи.
Оюндун жыйынтыгы:
Кыргызстан – Иран – 15:1 (8:0, 3:0, 4:1).
Бүгүн, 22-январда, саат 20:00дө Кыргызстандын курамасы Люксембургдун курама командасына каршы ойнойт.
