КФБ Александр Бауэр менен эмгек келишимин токтотту
Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) бүгүн Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Бауэр менен эмгек келишимин токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КФБдан кабарлашты.
Ушул күндөрү Бишкекте орун алып жаткан U-17 Азия Кубогунун тандоо оюндарынын калган үч беттешинде команданы башкы машыктыруучунун кызматында убактылуу КФБ Улуттук академиясынын техникалык директору Ормомбеков Анарбек Дарданович жетектейт.
