III Түрк Универсиадасы: волейбол боюнча беттештер башталды
III Түрк Универсиадасынын алкагында бүгүн, 5-сентябрда волейбол боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасындагы мелдештер өтүүдө.
Оюндар Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде өтүп жатат.
Кыз-келиндер арасында Кыргызстандын жана Өзбекстандын курама командалары беттешсе, эркектер арасындагы мелдеште да Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары күч сынашууда.
Волейбол боюнча таймаштар эртең да уланат.
