Кыргызстандык самбочулар Арменияда өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээледи
11–12-апрель күндөрү Ереван шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортсмендер катышты.
Мелдеш спорттук самбо, күжүрмөн самбо жана көрүүсү начар спортсмендер арасында самбо боюнча уюштурулду.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курама командасы бир катар байгелүү орундарды багындырды.
- Спорттук самбо боюнча:
- Байэл Жакшылыков (79 кг) — 2-орун;
Күжүрмөн самбо боюнча: Бектен Эркебай уулу (88 кг) — 3-орун;
- Бекболсун Керимбеков (98 кг) — 3-орун;
- Таласбек Нуралиев (+98 кг) — 3-орун;
- Акак Үсөн кызы (54 кг) — 3-орун.
- Көрүүсү начар спортсмендер арасында:
- Азиза Туранова (54 кг) — 3-орун.
