Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында 22-декабрдан 25-декабрга чейин Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 22-23-декабрь күндөрү уюштурулуп, балбандар төмөнкү 10 салмактык категорияда күч сынашат: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 92 жана 130 кг.
Эркин күрөш боюнча беттештер 24-25-декабрь күндөрү өтүп, спортсмендер 10 салмак ченинде таймашат: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг.
Чемпионаттын негизги максаты - грек-рим жана эркин күрөшүн жайылтуу, спортсмендердин чеберчилигин жогорулатуу, сергек жашоо образын даңазалоо, спорт аркылуу баңгизатка, алкоголизмге жана тамеки чегүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын толуктоо болуп саналат. Мындан тышкары, мелдештин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын 2026-жылдагы Азия чемпионатына, Дүйнө чемпионатына, эл аралык жана лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн тандоо жүргүзүлөт.
Жыйынтыгында I, II жана III орундарды ээлеген спортчулар медалдар жана дипломдор менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамына киргизилет.
Чемпионат Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (United World Wrestling) эрежелерине ылайык өткөрүлөт.
