Футболчу Азамат Байматов карьерасын жыйынтыктады
19 ноябрь

Футболчу Азамат Байматов карьерасын жыйынтыктады

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын Улуттук курама командасынын легендарлуу оюнчусу жана көп жылдык капитаны Азамат Байматовду узатуу аземи болуп өттү.

Азамат 2010-жылдын 17-февралында курама командада дебют жасап, 35 оюнда катышып, күйөрмандарга көптөгөн жаркын учурларды тартуулады.