Валентина Шевченко кезектеги беттешин утуп, чемпиондук наамын коргоду
12 май

Валентина Шевченко кезектеги беттешин утуп, чемпиондук наамын коргоду

11-майда Канаданын Монреаль шаарында кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко UFC 315 турниринде франциялык Манон Фиорого каршы беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курун короп калды.

Беш раунд беттештин жыйынтыгын калыстар Шевченконун пайдасына чечти.

Валентина Шевченко UFC уюмундагы 18 беттеште 14 жолу жеңишти камсыздап, титулун 8-жолу коргоду.