Азия кубогу U-23: Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Вьетнамдан жеңилүү ызаасын тартты
9-январда Сауд Арабиянын Жидда шаарында U-23 Азия Кубогунун тайпалык этабынын экинчи туру орун алып, анда Кыргызстандын курама командасы Вьетнамга каршы кез келди. Беттеш Жидда шаарынын «Кинг Абдулла Спорт Сити» стадионунда орун алат.
Буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында, башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы U-23 бул жаш курактагы Азия Кубогуна тарыхтагы алгачкы жолдомону камсыздаган.
Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабия менен бирге жайгашкан.
Бүгүнкү беттештин 19 мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазасында башкы калыс пенальти дайындап, аны атаандаштар ийгиликтүү ишке ашырды (0-1), ал эми биринчи бөлүктүн соңунда - 44 мүнөттө алыскы сокку менен Марлен Мурзахматов эсеп санды теңеди (1-1).
Оюндун 87 мүнөтүндө Вьетнам курамасы гол киргизди (1-2). Ошентип, эсеп сан өзгөрүүсүз калып, Вьетнам курамасы жеңишке жетти.
Кийинки беттеш Иордания курама командасына каршы 12-январда өтөт.
