Ош шаарында бир күндө үч кичи футбол талаасы пайдаланууга берилди
Ош шаарында күн мурун, 5-майда спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү.
Мэриядан билдиришкендей, бир күн ичинде 3 жаңы мини-футбол талаасынын салтанаттуу ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.
Ачылган спорттук жайлар:
- Сай-Боюу көчөсүндөгү мини-футбол талаасы;
- XXIV Партсъезд атындагы №27 жалпы билим берүү мектебинин футбол талаасы;
- А.С. Пушкин атындагы №21 мектеп-гимназиясынын футбол талаасы.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, балдар жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, футболду массалык түрдө өнүктүрүү шаар жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Учурда Ош шаарында 17 жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Биз ар бир жаңы билим берүү мекемесинде заманбап футбол талаасынын болушун милдеттүү түрдө карайбыз», – деди Жанарбек Акаев.
Ошондой эле мэр Сай-Боюу көчөсүндөгү спорттук комплекстердин абалы жакшырып жатканын белгилеп, келечекте бул аймактын толук кандуу спорттук шаарчага айланарын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында шаар башчысы «Алай» профессионалдык футбол клубунун шарттары менен таанышып, машыктыруучулар курамы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо клуб үчүн түзүлгөн шарттар жана машыгуу базаларынын учурдагы абалы талкууланды.
