Кыргызстандык жаштар эл аралык конкурста жеңишке жетишти
25 ноябрь

Кыргызстандык жаштар эл аралык конкурста жеңишке жетишти

2025-жылдын 20–21-ноябрында өткөн «КМШ үчүн 100 идея» эл аралык конкурсуна КМШга мүчө сегиз мамлекеттен 50 инновациялык долбоор катышты. Сынакка өлкөлөрдүн эң мыкты, чыгармачыл жана демилгелүү жаштары эко-инновация, социалдык өнүгүү, технология, ишкердик жана башка тармактар боюнча өз демилгелерин сунушташты.

Кыргызстандын атынан жалпы 5 долбоор катышып, алардын арасынан Зайнишова Нураида жана Оксана Омуркулова тарабынан сунушталган долбоор

«Рационалдуу табигый ресурстарды пайдалануу» номинациясында жеңишке жетишти.

Жеңүүчүлөрдүн ERID аттуу долбоору текстиль калдыктарын суюк төшөлмөгө кайра иштетүүнү максат кылат. Бул ыкма калдыктарды кайра пайдаланууну кеңейтүүгө жана экологиялык жүктү азайтууга багытталган инновациялык чечим катары жогору бааланды.

Кыргызстандык жаштардын бул ийгилиги өлкө жаштарынын экологиялык, социалдык жана инновациялык демилгелерге активдүү катышып жатканын тастыктайт.