Кыргызстан менен Кытай билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 12-февралда өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытайдын компетенттүү органдары менен билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Мектепке чейинки, жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим берүү багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле өнөктөштүктүн практикалык механизмдерин кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
