Чүйдө 30 мектепти экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдуу пландалууда
Жаратылыш ресурстары министрлиги
14 октябрь

Чүйдө 30 мектепти экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдуу пландалууда

Чүй облусундагы жалпы 30 мектепти жана бала бакчаны экологиялык жактан таза жылытуу системалары менен жабдуу, ошондой эле тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана аларды окутуу пландаштырылууда.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, аталган иштер «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун 2029-жылга чейин ишке ашырып, анын жалпы бюджети 10 миллион АКШ долларын түзөт.

Долбоордун алкагында төмөнкү негизги иш-чараларды ишке ашыруу каралган:

  • Бишкек шаарында атмосфералык абанын булгануу булактарына жараша булгоочу заттардын чыгындыларын азайтуу боюнча чараларды көрүү;
  • 2028–2038-жылдарга абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу; 
  • Чүй облусундагы мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук насосторун пилоттук негизде орнотуу.

Долбоорду ишке ашыруу атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга, жылытуу системаларынын экологиялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана абанын булганышын азайтуу боюнча туруктуу чечимдерди киргизүүгө багытталган.