Кыргызстандын курулуш тармагында 6 миңге жакын ченемдик документ колдонулат
сүрөт: depositphotos.com
14 октябрь

Кыргызстандын курулуш тармагында 6 миңге жакын ченемдик документ колдонулат

Кыргызстандын курулуш тармагында учурда 6 миңге жакын ченемдик-техникалык документ колдонулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги тарабынан даярдалган 2027–2031-жылдарга карата курулуш тармагындагы ченемдик базаны өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик программанын долбоорунда айтылат.

Алардын ичинен 140ка жакыны курулуш ченемдери жана эрежелери болсо, 4,5 миңге жакыны курулуш материалдарына, буюмдарга, конструкцияларга жана аларды сыноо ыкмаларына коюлган талаптарды жөнгө салган ГОСТ стандарттары болуп саналат.

Мындан тышкары, 1,5 миңге жакын документ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, саламаттык сактоо жана эмгек тармактарынын, өрт коопсуздугу органдарынын, Кыргызстандарттын жана башка мекемелердин ченемдерин камтыйт.

Министрлик бул документтердин баарын толук инвентаризациялоону сунуштоодо. Анын алкагында бири-бирин кайталаган, өз ара карама-каршы келген жана эскирген талаптарды аныктоо каралган.

2031-жылга чейин курулуш тармагын жөнгө салган бирдиктүү, өз ара шайкеш келген жана үзгүлтүксүз жаңыланып туруучу системаны түзүү пландалууда.