Бишкектин айланасындагы конуштарды толук газдаштыруу 2028-жылдан тарта улантылат
сүрөт: depositphotos.com
14 октябрь

Бишкектин айланасындагы конуштарды толук газдаштыруу 2028-жылдан тарта улантылат

Бишкектин айланасындагы конуштарды толук газдаштыруу иштери Орусиядан жаңы газ түтүгү тартылып, ишке берилгенден кийин, 2028-жылдан тарта улантылышы пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ ал «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, конуштарды газга кошуунун мөөнөттөрүн тактаган.

«Учурдагы кубаттуулук жетишсиз экенин жана Россиядан жаңы газ түтүгү тартылганга чейин күтүү керектигин ачык айтышты. Бул 2028-жылы гана мүмкүн болот», — деди Маматалиев.

Ошол эле учурда анын белгилешинче, эгер мамлекет керектүү түтүктөрдү сатып алууга каражат бөлсө, 2027-жылы дагы беш-алты конушту газга кошууга болот.

Парламент төрагасы абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 30-50 млн доллар өлчөмүндө гранттык жана насыялык каражаттар тартылганын эске салды. Анын пикиринде, бул каражаттын бир бөлүгүн газдаштыруу үчүн түтүктөрдү сатып алууга багыттоого болот.

Ошондой эле Маматалиев смогго каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттын 30 млн долларга жакыны азырынча пайдаланылбай турганын билдирди.