Кыргызстан менен Черногория туризм тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги
14 октябрь

Кыргызстан менен Черногория туризм тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту

Черногорияда өтүп жаткан «Европа — Азия» жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында 13-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордичтин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле Черногориянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу Б. Асанов катышты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туристтик кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алышып, өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Симонида Кордич 2026-жылдын 2-6-сентябрында Кыргызстанга жасаган жумушчу сапары ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, сапар анын командасына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышууга жана баалуу тажрыйба алууга шарт түзгөн.

Өз кезегинде Эдуард Кубатов Черногория тарапка иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, сапардын эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоодогу маанисин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Черногориянын туризм тармагын өнүктүрүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо, инвестиция тартуу жана мейманкана бизнесин өркүндөтүү боюнча тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап Черногориянын ийгиликтүү тажрыйбаларын изилдөөгө жана өлкөнүн туризм тармагын мындан ары өнүктүрүүдө колдонууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Черногориянын Туризм министрлигинин ортосунда туризм тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Документ туристтик агымды көбөйтүүнү, биргелешкен туристтик маршруттарды жана туристтик продуктыларды иштеп чыгууну, тажрыйба алмашууну, адистерди даярдоону, туристтик бизнести колдоону, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде биргелешип илгерилетүүнү карайт.

Келишимге кол коюу Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы туристтик байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара туристтик алмашууну өнүктүрүүгө жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.