Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт, алардын 36 миңден ашыгы — балдар
сүрөт: depositphotos.com
14 октябрь

Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт, алардын 36 миңден ашыгы — балдар

Кыргызстанда учурда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Алардын ичинен 36 миңден ашыгы балдар. Бул өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3%ын түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.

Социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында II топтогу майыптыгы бар адамдар көп. Алардын саны 29 миң 882ни түзөт. Ошондой эле I топтогу 8 миң 631 адамга жана III топтогу 15 миң 406 адамга жөлөкпул төлөнөт.

Министрликтин алдында Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөргөн 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия иштейт.

Ведомстводон белгилешкендей, медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири бойдон калууда.