Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
14 октябрь

Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткенде «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун алкагында продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Борбор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун базасында ачылган.

Борбордун ачылуу аземине КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева баштаган жергиликтүү жетекчилер жана өнөктөштөр катышты.

Борбор «Бир айыл — бир продукт +1» коомдук бирикмеси менен окуу жайдын кызматташтыгынын негизинде түзүлдү. Анын негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, аларды окутуу, продукцияларды иштеп чыгуу жана сапатын жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүштүн товарларын кеңири жайылтууга көмөктөшүү.

Жаңы борбор жергиликтүү ишкерлердин, өндүрүүчүлөрдүн, билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуусуна шарт түзөт. Ошондой эле өндүрүүчүлөр жаңы продукцияларды иштеп чыгуу, тажрыйба алмашуу жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында практикалык иштерди жүргүзө алышат.

Бул демилге Баткен облусунда жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү жана кошумча наркка ээ продукцияларды өндүрүүгө, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Борборго Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен зарыл болгон жабдуулар берилди.

Ошондой эле алдыда “Бир айыл-бир продукт” коомдук бирикмеси АРИС менен биргеликте, “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбооржун алкагында, аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу багытында иштеп жатат.