2026-2027-жылдарга билим берүү тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды
Агартуу министрлиги
31 март

2026-2027-жылдарга билим берүү тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды

Кыргызстандын Агартуу министрлигинде бүгүн, 31-мартта SMART ED долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин 2026-жылга карата иш-чаралар планына кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова, ошондой эле ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Джунг Тапа катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2026–2027-жылдары билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууну караган планга кол коюшту.

Документ билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт. Анын ичинде окуу программаларын жана окуу-методикалык материалдарды жаңылоо, көп тилдүү жана практикага багытталган окутууну киргизүү, мугалимдерди колдоону жана даярдоону жакшыртуу, ошондой эле инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана инклюзиядагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу каралган.