Кыргызстан менен Япония мектептерге санариптик технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты
Агартуу министрлиги
14 октябрь

Кыргызстан менен Япония мектептерге санариптик технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде 13-октябрда Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин (METI) делегациясынын, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрүнүн жана япон компанияларынын катышуусунда "Билим берүү тармагындагы ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү" темасында тегерек стол өттү.

Жолугушууда тараптар мектептик билим берүү тармагындагы кызматташтыктын келечегин, санариптик технологияларды жана заманбап окуу материалдарын киргизүүнү, ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, өкүлдөрү, ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рюити Хирано, Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү, Чет өлкөлөр менен техникалык кызматташтык жана туруктуу өнөктөштүк ассоциациясынын (AOTS), Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун жана япон компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз тарап мектептик билим берүүнүн учурдагы абалы, аны өнүктүрүүнүн келечеги, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана алдыдагы иштин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Агартуу министрлиги менен Япониянын SPRIX Inc., Fujifilm System Service Co., Ltd., Digital Knowledge Inc. жана GAKKEN HOLDINGS Co., Ltd. компанияларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдарды ишке ашыруу чаралары талкууланды.

SPRIX Inc. компаниясы менен кызматташуунун алкагында Кыргызстанда TOFAS математикалык баалоо системасын (Thinking and Operation For Achievement Test System) киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда. Долбоорго өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 28 жалпы билим берүү уюму катышууда. 2026-жылдын 12-октябрына карата тестирлөөдөн 8 428 окуучу өттү.

Ошондой эле Fujifilm System Service Co., Ltd. жана Digital Knowledge Inc. компаниялары менен биргеликте санариптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

GAKKEN HOLDINGS Co., Ltd. компаниясы менен кызматташуунун алкагында кыргыз тилинде билим алган 5-класстын окуучулары үчүн "Табият таануу" предмети боюнча санариптик окуу материалдары эксперттик баалоодон өтүүдө. Мындан тышкары, окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жана изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган Kitchen Science долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү дагы сунушталды.

Япониянын Digital Knowledge Co., Ltd. жана KEIRINKAN компаниялары билим берүү тармагындагы өз чечимдерин сунушташты. Катышуучулар жасалма интеллектти колдонуу, заманбап окуу материалдарын киргизүү жана мамлекеттик мектептер менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.