Ош шаарында “Келечек досторун чакырат” жайкы лагеринин 1-этабы жыйынтыкталды
Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда “Келечек досторун чакырат” аттуу жайкы лагердин 1-этабынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Жайкы лагерге 150дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле окууда жана коомдук иштерде жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн окуучулар тартылып, алардын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүлдү.
Белгилей кетсек, “Келечек досторун чакырат” жайкы лагери мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусун натыйжалуу уюштуруу, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
