Бишкекте «КРСУдагы орус тили күнү» аттуу эл аралык форум өтөт
Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде «КРСУдагы орус тили күнү» аттуу эл аралык форум өтөт.
Иш-чара Кыргызстандагы Пушкин күндөрүнүн алкагында уюштурулат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, форумга Кыргызстан, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү, илим жана маданият тармактарынын өкүлдөрү, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Катышуучулар орус тилин окутуу маселелерин, билингвалдык билим берүүнү өнүктүрүүнү, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги улуттар аралык диалогду чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Форумдун программасына ардактуу коноктордун жана эл аралык өкүлдөрдүн катышуусундагы расмий ачылыш аземи, тематикалык эксперттик сессиялар, илимий-практикалык талкуулар, ошондой эле филологдордун, окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн баяндамалары кирет. Билим берүүдө заманбап окутуу ыкмаларына жана санариптик технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле форумдун алкагында А.С. Пушкиндин эстелигине гүл коюу жана эстеликке ысымдык тактайчаны орнотуу пландалууда.
Мындан тышкары, Пушкин күндөрүнүн алкагында Бишкек, Ош жана Манас шаарларында 4-июндан 7-июнга чейин викториналар, конференциялар, театрлаштырылган коюулар жана поэзия кечелери өтөт.
