Кыргызстандык окуучулар эл аралык физика олимпиадасында тарыхый рекорд жаратты
Ушул жылдын 4–12-июль күндөрү Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын окуучулары бир күмүш, үч коло медаль жана бир ардак грамотага ээ болушту.
Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, улуттук курама команданын бардык беш катышуучусу сыйлыкка татыса, алардын төртөө медалист аталды.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча сыйлыктарга төмөнкү окуучулар ээ болушту:
- Темирхан Салиев - күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу (машыктыруучулары: Андрей Сидоренко, Тургунбек Омурканов, Алтынбек Алмурза уулу);
- Аскар Абдиев - коло медаль, AIMS Razzakov эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу (машыктыруучулары: Чынтемир Сабыров, Улукбек Ажыбаев);
- Айтегин Эмилбеков - коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу (машыктыруучулары: Андрей Сидоренко, Тургунбек Омурканов, Алтынбек Алмурза уулу);
- Ахмед Абылаев - коло медаль, «Сейтек-СТЕМ» мектебинин 11-классынын окуучусу (машыктыруучулары: Дуйшон Сатыбалдыев, Салижан Кылычбеков);
- Нурбол Мырзабеков - ардак грамота, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу (машыктыруучулары: Андрей Сидоренко, Тургунбек Омурканов, Алтынбек Алмурза уулу).
Темирхан Салиевдин күмүш медалы Кыргызстан үчүн акыркы 19 жылдагы IPhO олимпиадасындагы алгачкы күмүш байге болду. Буга чейинки күмүш медалды 2007-жылы Максим Степаненко жеңип алган. Темирхан Салиев Эл аралык физика олимпиадасынын тарыхында Кыргызстанга күмүш медаль алып келген үчүнчү окуучу болду.
IPhO 2026 башталганга чейин Кыргызстандын эсебинде 2 күмүш, 14 коло медаль жана 26 ардак грамота бар болчу. Колумбиядагы олимпиаданын жыйынтыгынан кийин өлкөнүн жалпы көрсөткүчү 3 күмүш, 17 коло медаль жана 27 ардак грамотага жетти.
IPhO 2026дагы Кыргызстандын улуттук курама командасын Чынтемир Сабыров жетектеди. Команданын жетекчисинин орун басары Андрей Сидоренко болду.
