3-класстар үчүн «Математика» окуу китептери басылып чыкты
16 май

3-класстар үчүн «Математика» окуу китептери басылып чыкты

2026-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында «Математика» предмети боюнча жаңы басылып чыккан окуу китептерин кабыл алышты.

«Математика» окуу китептери окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 3-класстары үчүн даярдалып, жалпы нускасы 348 000ди түзөт. Бул окуу китептери экиге бөлүнүп басылып чыкты.