Сагынаев чет өлкөлүк ЖОЖдор берген квота адилеттүү бөлүштүрүлүшү керектигин дагы бир жолу эскертти
23 апрель

Сагынаев чет өлкөлүк ЖОЖдор берген квота адилеттүү бөлүштүрүлүшү керектигин дагы бир жолу эскертти

“Чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын кыргызстандык студенттерге квоталары тууралуу маалымат бардык жаштарга жетиши керек”, – деди депутат Болот Сагынаев Жогорку Кеңештин жыйынында. 

Ал илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Дурус Козуевге кайрылды. 

“Мен буга чейин да жумурай журтка квоталар тууралуу маалыматтарды жеткириңиздер деп суранган болчумун. Бул боюнча ролик тартып, социалдык тармактарга жайылтсаңар, ар бир абитуриент кабардар болот. Чет өлкөлөрдүн окуу жайлары берген квоталар, гранттар бишкектик студенттерге жеткиликтүү болгону менен аймактагылар билбей калышат экен. Баарын тең көрүп, баарына бирдей шарт түзүү керек”, – деди депутат. 

Министр Дурус Козуев бул боюнча иштер аткарылып жатканын белгиледи. 

“Учурда квоталар боюнча соцтармактарга жайылтуу жаатында иштер жүрүп жатат. Келерки жылы жалпы элди кабардар кылабыз”, – деди ал. 

Сагынаев министрликтерге сурамжылоо жиберип, кайсы өлкөлөрдөн кыргызстандык студенттерге квота берилээрин тактаган. Айтымында, Азербейжан, Беларусь, Венгрия, Въетнам, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Түркия жана Өзбекстандын жогорку окуу жайлары кыргызстандык студенттер үчүн акысыз билим алууга атайын орун бөлөт.