Муратбеков 54 «Алтын сертификаттын» 53ү орус тилдүү окуучуларга берилгенине тынчсызданды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков жаштар саясатына тиешелүү маселелерди көтөрдү. Айтымында, өлкөдөгү жаштар саясатына тиешелүү көңүл бурулбай, бирде маданияттын, бирде спорт жана туризмдин курамына кошулган.
«Президент Садыр Жапаров «жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өзөгү» деп белгиледи. Өлкө башчысынын жаштарды каржылык колдоосу 4 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин жогорулады. Бирок бардык маселени каржы менен гана чечүү жетишсиз болууда. Мезгил жаңы көз караштагы системалуу саясатты талап кылууда», – деди депутат.
Ал жаштар саясатын өнүктүрүүдөгү бир катар көйгөйлөрдү белгиледи жана аларды чечүү үчүн сунуштарды жолдоду:
1. Илим жана ЖРТ – жаштар саясатынын жүрөгү болууга тийиш. Жаштар 11 жыл мектепте билим алып, бирок кесип тандоодо жалгыз калууда. Аймактарда кесипке багыт берүүчү иштер өтө алсыз, мында мамлекет багыт берип, колдоо көрсөтүшү зарыл.
Сунуш: Агартуу жана Илим министрликтери биргеликте профориентация саясат иштеп чыгышса туура болмок.
2. ЖРТ – коррупциялык таза сынак форматы катары өзүн актап келүүдө. Бирок учурдагы формат ата-энелерди жана мугалимдерди тынчсыздандырууда. Анткени, быйылкы жыйынтык боюнча 54 «Алтын сертификаттын» 53 орус тилдүү окуучуларга берилди. Бул коомчулукта чоң суроо жаратты.
Сунуш: ЖРТ жобосун кайра карап чыгуу үчүн комиссия түзүп, анын курамына өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, билим берүү тармагында мыкты адистер киргизилсин. Андан сырткары күмүш жана коло сертификат кошумча баскычтарын, аймактык, тил квоталарын кароо зарыл.
Депутат белгилегендей, учурда Кыргызстанда Жаштар жөнүндө мыйзамдын негизинде, 14 жаштан 35 жаш курактагы жарандар жаштар категориясына кирет. Өлкө калкынын үчтөн бир бөлүгүн, башкача айтканда 2,5 миллионун жаштар түзөт.
