Темирбаева Баткенден бир дагы окуучу «Алтын сертификатка» жетпей калганынын себебин иликтөөгө чакырды
26 июнь

Темирбаева Баткенден бир дагы окуучу «Алтын сертификатка» жетпей калганынын себебин иликтөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусунан бир дагы окуучу «Алтын сертификат» албай калганына токтолду.

Ал бул ишти иликтөөгө чакырды.

«ЖРТнын жыйынтыгы боюнча бул жылы Баткен облусунан бир дагы окуучу «Алтын сертификатка» жеткен жок. Бул эмнени билдирет? Баткендеги билим берүүнүн деңгээлинби же окуучулар тестирлөөдө жетиштүү маалымат ала албай калыштыбы же алууга үлгүрүшкөн жокпу? Муну иликтеп чыгуу зарыл. Анткени, жыл сайын «Алтын сертификат» алып жүргөнбүз. Быйыл бир дагы окуучу татыктуу болбой калганы өкүнүчтүү», – деди депутат.

Ошондой эле, ал эл менен жолукканда буга чейин лицей, гимназиялардын бүтүрүүчүлөрү жакшы жыйынтыкка ээ болушканын, бирок алар жоюулуп кеткенден кийинки жыйынтык ушундай болуп калганын айтышканын белгиледи.

Андан сырткары депутат жакында Раззаков шаарында аскер окуу жайын ачуу боюнча концепция кабыл алууга катышканын жана анда Баткенден чыккан айтылуу педагог Гапыр Мадеминовдун методикасын колдонуу сунушталганын айтты.

«Гапыр Мадеминов Лейлек районуна нөлдөн баштап өзүнүн автордук мектеп-гимназиясын ачкан. Учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Бул педагогдун методикасын республика боюнча кабыл алууга умтулушат. Бирок мектептин абалы начар. Эл да, педагогикалык жамаат дагы жаңы имарат салып берүүнү суранышты. Колубузда бар алтынды барктайлы», – деди депутат президенттин жана МинКабдын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.