Баткен райондук администрациясы
13 июль
Баткен районунда дагы бир үй тибиндеги бала бакча ачылды
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылында үй тибиндеги балдар бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Жаңыдан ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемеси Өкмөттүк акселератор программасынын алкагында ишке ашырылып, бөбөктөрдү сапаттуу мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууга багытталган.
Учурда Баткен районунда буга чейин 12 үй тибиндеги балдар бакчасы иштеп келсе, бул жаңы мекеме алардын катарын толуктады.
Үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга, айыл жергесиндеги бөбөктөрдү сапаттуу билим берүү кызматы менен камсыз кылууга жана ата-энелерге колдоо көрсөтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
