Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу жаңы мектеп сентябрда ачылат
Курулуш министрлиги
28 август

Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу жаңы мектеп сентябрда ачылат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында 500 орундуу И. Арабаев атындагы жаңы мектеп курулду.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даярдалды.

Жаңы мектеп үч кабаттуу заманбап үлгүдө курулуп, жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинети, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган.

Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол үчүн жана машыгуу аянтчалары курулду.

Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши менен окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, билим берүү сапатын жогорулатууга жана мектептеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө болот.