Ош шаарынын мэри мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жалпы республикалык тестирлөөдө «Алтын сертификатка» ээ болгон жана окуучулардын республикалык олимпиадасында байгелүү орундарды ээлеген мектеп бүтүрүүчүлөрүн, аларды окутуп, даярдаган мугалимдерин кабыл алды.
Калаа башчысы Ош шаарынын намысын коргогон жөндөмдүү улан-кыздардын көп болушун тилек кылып, алган билимин, келечектеги тандаган кесибинин натыйжасын өлкөбүздүн, шаарыбыздын өсүп өнүгүүсү үчүн жумшоо керектигин белгилеп, келечек муундарды жетишкендиктери менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектерди тапшырды.
Ош шаарында быйылкы жылы «Алтын сертификатка» 2 окуучу ээ болду.
Алар:
1. Наватова Алина Рустамовна – «Купуев Академиясы» жоопкерчилиги чектелген коомдук мектебинин бүтүрүүчүсү;
2. Надирбеков Абдусамат Надирбекович – «Сема» Ош лицейинин бүтүрүүчүсү.
