Министр АРИСтин өкүлдөрү менен жаңы бала бакчалардын долбоорлорун талкуулады
24 июль

Министр АРИСтин өкүлдөрү менен жаңы бала бакчалардын долбоорлорун талкуулады

2026-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору Калыбек Жумадилов жана АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (НПИС) координатору Майрамбек Баялиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн аймактарында курула турган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын долбоордук чечимдери талкууланды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүү уюмдарын долбоорлоодо жана курууда балага багытталган чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Анын айтымында, бала бакчалардын долбоорлорунда жашыл зоналар (бак-дарактар, топурак менен ойноочу аянттар) каралышы, ички жасалгасы улуттук баалуулуктарды чагылдырган тарбиялык элементтер менен жасалгаланышы, сапаттуу жана коопсуз эмеректер колдонулушу, өрт коопсуздугунун талаптары сакталышы жана инклюзивдүү шарттардын камсыздалышы маанилүү.

АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадилов жолугушууда айтылган сунуштар долбоорлорду ишке ашырууда эске алынарын билдирди.

Ошондой эле тараптар келечекте кесиптик лицейлерди куруу жана жаңылоо маселесин да аталган долбоордун алкагында кароо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында республика боюнча 18 жаңы бала бакча курулуп, дагы 4 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.